СМА менен ооруган балдардын ата-энелери депутаттар менен жолугушту 

Кыргызстанда жүлүн булчуң атрофиясы (СМА) менен ооруган балдардын ата-энелери Жогорку Кеңешке келип, депуттар менен жолугушту. Бул тууралуу депутат Советбек Рустамбек уулу билдирди.
Маалыматка ылайык, ата-энелер менен жолугушуу кечээ, 19-мартта болгон. Ага саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, омуртканын булчуңдарынын атрофиясы боюнча врач Айгүл Тургунбекова жана депутаттар катышкан.
"Ата-энелер менен жолугуп, аларга оору тууралуу кеңири түшүнүк берилди. Жыйындын негизги максаты – СМА диагнозу коюлган балдардын дарылануусун мамлекет тарабынан колдоо, дары-дармектерин жеткиликтүү баа менене камсыздоо, реабилитация маселелерин жеңилдетүү", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан