Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 20-мартта Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир нече объекттердин ачылуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жапаров Баткен шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-дарылоо жана илимий комплексин ачкан. Ошону менен катар өлкө боюнча 15 социалдык объекттердин ачылуу аземине аралыктан катышкан.
"Баткен облусунда КММАнын окуу-дарылоо жана илимий комплексинин ачылышында Баткенге 1 миллиард сом бөлүнөрүн жарыялады", - деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.