Депутат Алимжанова шайлоодо аялдардын квотасын чектебеш керектигин айтты 

Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова "депутаттык шайлоодо айымдардын квотасын чектебеш керек" деген пикирин билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, шайлоого катышкандардын көпчүлүк пайызын айымдар түзөт.

"Шайлоочулардын жарымынан көбү айымдар болгондон кийин Жогорку Кеңешке айымдар сөзсүз түрдө келиш керек. Арсланбек Абдыкайымович, сиздин "аялдардын квотасын карабашыбыз керек" дегениңиз туура эмес. Бул жерде социалдык маанилүү маселелерди айым депутаттар көтөрүп жатышат. Үйүндөгү жумуштарын таштап болсо дагы шайлоого көбүнчө айымдар келишет", - деди эл өкүл.

Ал эми БШКнын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева эң акыркы шайлоого катышкан шайлоочулардын 52 пайызын айымдар түзгөнүн кошумчалады.

Депутат Алимжанова аялдардын квотасын чектебеш керектигин айтты 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан