Дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө жарыяланды

Финляндия сегизинчи жыл катары менен дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө болуп калды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) тапшырмасы менен эксперттер даярдаган жылдык дүйнөлүк бакыт баяндамасында айтылат.

Экинчи орунда Дания, үчүнчүдө Исландия болгон. Алардан кийин Швеция турат. Эң бактылуу өлкөлөрдүн ондугуна ошондой эле Нидерланды, Коста-Рика, Норвегия, Израил, Люксембург жана Мексика кирди.

Былтыркыдай эле Ооганстан эң бактысыз мамлекет деп табылган. Ал 147-орунду ээледи.

Өлкөлөрдүн рейтинги жашоолорун нөлдөн 10го чейинки шкала боюнча баалоодо суралган адамдардын сурамжылоосунун негизинде түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан