Кыргызстанда жаштарга арналган коомдук оюн-проект сунушталды

Кыргызстанда жаштарга арналган “Жаңы жашоо” аталышындагы коомдук долбоор сунушталды. Бул тууралуу аталган долбоордун негиздөөчүлөрүнүн бири Чыңгыз Исмаилов SUPER.KG'ге билдирди.

Анын айтымында, долбоордун урааны “Сенин келечегиң өз колунда” деп аталат. Долбоордун негизги максаты – жаштарды колдоо жана өз алдынча өсүп-өнүгүүсүнө жардам берүү. Аталган долбоордун 30 күндүк программасы оюн түрүндө көрсөтүлгөн. Катышуучулар күн сайын комплекстүү өнүгүү боюнча тренингдерден өтүшөт. Алар күнүгө эртең менен атайын тапшырма алып, аткарышы зарыл. Долбоордун соңунда ар бир катышуучу толук отчёт берет. Анын натыйжасында кандай ийгиликке жетишкендиги белгиленет.

Белгилей кетсек, долбоордун негиздөөчүлөрү – бир тууган ага-инилер Чыңгыз жана Дастан Исмаиловдор. Алар коомдук педагогика аймагында 4 жылдан бери иштеп келишет. Ал эми Чыңгыз Исмаиловдун “Ийгиликке жол – эркиндикке жол” (“Путь к успеху – путь к свободе”) аталышындагы китеби  2013-жылы “Жаштар эң көп окуган китеп” наамына ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан