“Бакай Банк” балдардын “Үмүт-Надежда” реабилитациялык борборун оңдоп-түзөдү

“Бакай Банктын” колдоосу менен “Үмүт-Надежда” балдардын реабилитациялык борборунда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, 2025-жылдын 13-мартында жаңыланган имараттын салтанаттуу ачылышы өттү.

Имаратты оңдоп-түзөө банктын “Жакшылык жасагыла” акциясынын бир бөлүгү болду. Бул акциянын алкагында кайрымдуулук боюнча төрт долбоорго 5 миллион сом бөлүнгөн.

Балдардын “Үмүт-Надежда” реабилитациялык борборун колдоо боюнча уникалдуу долбоор “Бакай Банк” тарабынан демилгеленип, белгилүү блогерлер, банктын амбассадорлору Бекзада Жолборсова менен Эрмек Таалайбековдун активдүү колдоосунда ишке ашырылды. Биргеликтеги аракеттердин натыйжасында бул долбоор таң каларлык сумма — 1 818 343 сом 71 тыйын чогултуп, сынактын жеңүүчүсү болду. Анын ичинен 1 674 928 сомду “Бакай Банк” бөлдү, ал эми 143 415 сом 71 тыйынды кайдыгер эмес кардарлар кайрымдуулук кылып беришкен.

“Үмүт-Надежда” борбору өнүгүүсү боюнча өзгөчөлөнгөн балдар үчүн чыныгы үйгө айланды. Биз оңдоп-түзөөдөн өткөн корпусту ачуу салтанатын, маанилүү иш-чараны белгиледик. Ага BakAi тиркемеси аркылуу акча которуу менен банктын кардарлары да чоң салым кошушканын белгилеп кетким келет. Биздин кардарлар каражатын бизге ишенип салгандан тышкары, жакшылык иштерди ага өтө муктаж болгондорго жасоого да активдүү катышышат. Ошондой эле балдардын билим алып, өнүгүшүнө, алар үчүн шарт түзүп, бул жерде өзүн эркин сезүүсүнө шарт түзүүнүн үстүндө күн сайын эмгек кылган бул мекеменин кызматкерлерине да чоң ыраазычылык билдирем», — деп белгиледи “Бакай Банктын” маркетинг департаментинин директору Айдай Мокушова.

"Үмүт-Надежда" борборунун башчысы Инга-Ханна Шеликенин айтымында, мекемени оңдоп-түзөө зарыл болчу.

«Бул масштабдуу долбоорду ишке ашырган жана аны добуш берүүнүн алкагында толугу менен каржылаган "Бакай Банктын" аракети менен, ошондой эле блогер-амбассадорлор Бекзада Жолборсова, Эрмек Таалайбековдун колдоосунда борборго коомчулуктун көңүлү бурулду. Жыйынтыгында имарат толугу менен оңдолуп-түзөлүп, жылуулук системасы, электр жабдыктары менен камсыздалып, суу өткөргөн түтүктөр алмаштырылды.

Бүгүнкү күндө мындагы оор формада майыптыгы бар 12 бала жаңы үйлүү болду», — деди Инга-Ханна Шелике.

Корпустун ачылыш аземине карата анын тарбиялануучулары ыр айтышып, фортепианодо ойношуп кызыктуу программадарды аткарышты.

"Саратан" оркестри жагымдуу эки ыр аткарса, тарбиялануучу балдар бий өнөрүн көрсөтүштү. Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин балдардын көңүлүн ыр жана көбүктөр менен көтөргөн аниматорлор чыгышты.

Банктын амбасадорлору Бекзада Жолборсова менен Эрмек Таалайбеков долбоорго бараандуу салымды анын кардарлары кошконун айтышты.

«Жакшылык жасагыла" долбоорунун алкагында жардамга муктаждарды издеп жаттык. Биздин катталуучулар борборлордун бирине ремонт жасоо керек экенин айтышты. Келип анын абалын көрүп эле болду ушул жерге токтолобуз дедик. Акциянын эрежеси боюнча, катталуучулар коомго эң зарыл делген долбоорго добуш беришет, ошондо биздин объект эң көп добуш топтоду. Ошентип Банк жалпы бюджеттен бизге эң көп каражат бөлүп берди. Биз донаттарды (элдин кайрымдуулук үчүн берген акчасы) топтоп, "Үмүт-Надеждага" котордук. Андан кийин абдан тез, 2,5 эле айдын ичинде имарат толугу менен оңдоп-түзөлдү», — дешти блогерлер.

Эми "Бакай Банк" жасаган жакшылык иштин артында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар эмеректер коюлган, араба менен жүрүүгө ыңгайлуу пандустар орнотулган, ыңгайлуу шарт түзүлүп, ойной турган кенен жай жасалган жаңы, жылуу үйдө жашашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан