Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев тарыхый объекттер коргоодон чыгарылып, инвесторлорго берилип жатканына нааразы болду.
Эл өкүлүнүн айтымында, Бишкектеги бир нече имараттар бузулуп, Маданият министрлиги тарабынан тарыхый-архитектуралык эстеликтерди инвесторлорго берүүгө уруксат берүү жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыгууда.
"Конституцияда тарыхый, маданий мурас эстеликтери, археологиялык объектилер жана табылгалар мамлекеттин менчиги жана өзгөчө корголот деп турат.
Өткөн айда бул маселени көтөргөм, "өлкөдөгү имараттар талкаланып жатат" деп. Коргоодо турган объектилер тизмеден бир-бирден чыгарылып, талкаланып жатат. Атап кетсем, "Ала-Тоо" кинотеатрынын маңдайында тарыхый типография бар болчу, ал азыр жок, "Ысык-Көл" мейманканасы, Понфилов атындагы музей, Ак-Кула ат майданы, баары жок болду.
18-февралда президенттик аппараттын сунушу менен ведомстволор аралык комиссия дагы бир нече объектилерди тизмеден чыгарды. Алардын арасында Турдакун Усубалиев аянтындагы тарыхый маанидеги эки имарат бар. Тактап айтканда, азыркы Жогорку Сот жана эки министрлик жайгашкан имарат. Бишкекти Бишкек кылган ушул эки имарат коргоодон чыгарылыптыр. Эмне максат менен? Аларды инвесторлорго беришет экен. Бул аз болгонсуп, Маданият министрлиги тарыхый объекттерди инвесторлорго берүү боюнча мыйзам киргизип жатат. Дүйнөдө мындай имараттар корголот.
Биздин өзгөрө элек гимнде "бизге жеткен ата салтын, мурасын, ыйык сактап урпактарга берели" деп айтылган. Биз болсо ташты дагы калтырбайлы деп турабыз", - деди депутат.