
Кыргызстандын тайбокс боюнча курама командасынын мүчөлөрү Таиланддын Бангкок шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 20 медаль (13 алтын, 5 күмүш, 2 коло) жеңишти. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалым болгондой, 9-мартта башталган Дүйнө чемпиондугу 19-мартта жыйынтыкталды.
Алтын медалдын ээлери:
- 37 килограмм Давид Ахматов (11жаш);
- 54 килограмм Бектур Шаимбеков (13жаш);
- 54 килограмм Акылбек Нурланбек уулу (20 жаш);
- 57 килограмм Мухамедали Алиев (24 жаш);
- 63.5 килограмм Никита Цой (29 жаш);
- 63.5 килограмм Нурсултан Медербек уулу (21 жаш)
- 75 килограмм Кубанычбек Жолдубаев (34 жаш);
- 71 килограмм Султан Атагельдиев (19 жаш);
- 67 килограмм Эрнар Аманжолов (20 жаш);
- 48 килограмм Чүрөк Таджибекова (15 жаш)
- 54 килограмм Диана Зайнитдинова (15 жаш);
- 48 килограмм Алия Саалыева (16 жаш);
- 51 килограмм Милана Шихшабекова (18 жаш);
Күмүш медалдын ээлери:
- 67 килограмм Темирлан Асылбеков (14 жаш);
- 60 килограмм Элазан Замирбеков (25 жаш);
- 71 килограмм Ахмед Ашурбеков (19 жаш);
- 57 килограмм Вероника Ахматова (15 жаш);
- 60 килограмм Аделя Асылбек кызы (17 жаш).
Коло медалдын ээлери:
- 57 килограмм Альберт Бактыбеков (19 жаш);
- 60 килограмм Ихтияр Каныметов (23 жаш).
Курама команда машыктыруучулар Сыргак Айталиев, Дильшат Даутов, Александр Кононенко жана Али-Мурад Гаджиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.