Чүйдүн Аламүдүн районунун прокурору пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта SUPER.KG медиа порталына УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, прокурор С.Ж. жаран Я.к.Ж.дан арыз ээсине карата мурда козголгон кылмыш иши боюнча үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоо маселеси боюнча оң чечим чыгаргандыгы үчүн 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык (Опузалап пара талап кылуу) менен козголуп, анын алкагында Аламүдүн районунун прокурору кармалган. Учурда ал Бишкек гарнизонунун Аскер комендатурасынын гауптвахтасына камакка алынган.