"Уяттуу сүрөттөрүңдү таратам". Таласта 15 жаштагы кыздан акча талап кылган жигит кармалды

Талас облусунда дагы бир социалдык тармактын администратору кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, 11-март күнү Талас ОИИБге 46 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 7-март күнү anonBesedka аталышындагы Телеграм баракчасынан 15 жаштагы кызынын Телеграмына белгисиз жаран билдирүү жазып, уяттуу сүрөтүн чыгарам деп шантаж кылуу жолу менен акча талап кылып жаткандыгын билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Талас шаарынын тургуну 2008-жылы туулган Б.У. кармалган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Б.У. anonBesedkа аттуу Телеграм баракчасын жана talas.anonka аталышындагы Инстаграм социалдык баракчасын иштетип жүргөндүгү аныкталган.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан