Кыргызстан менен Беларус өлкөсү 2025-2027-жылдарга карата кызматташтык боюнча планга кол койду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргыз-беларус кызматташтыгын өнүктүрүүгө байланышкан документке Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Беларустун премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак аралыктан байланышуу аркылуу кол коюшкан.
Аталган документ биринчи кезекте соода, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба жана транспорттук-логистика тармагындагы пайдаланылбаган потенциалды ачууга мүмкүндүк берерин билдиришкен.
Ошондой эле эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү жол картасын жигердүү жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Кыргызстан менен Беларустун тиешелүү мамлекеттик органдарына тапшырмалар берилгени кошумчаланды.