Баткен районунун Кара-Бак айылынын чек ара тилкесинде Тажикстандан Кыргызстанга дары-дармектердин ири партиясын мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК тарабынан бүгүн, 20-мартта белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, товардын ээси жергиликтүү тургун Ы.К.У. болгон. Анда Индия өндүрүшүнүн беш аталыштагы (Plastomet-50, Candiblotic, Herpinize-250, Herpinize-500, Galcyclovir) жалпысынан 4500 даана дары-дармектер табылган.
Алар онкологиялык ооруларды дарылоого жана ички органдарды трансплантациялоодон кийинки профилактикага багытталып, 3 миллион сомдон ашык суммага эч кандай коштоочу документтери жок Баткен жана Ош облустарынын аймагында сатылууга тийиш болгон.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси "Экономикалык аткезчилик" боюнча кылмыш иши козголду.