"Ушуну менен оомийин кылсак болот". Депутат Сыдыков шайлоо боюнча мыйзамга өзгөчө сунуштарды берди (видео)

Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков жарандарды шайлоого катышууга чакыруу үчүн добуш берүүнү 3 күнгө узартууну сунуштады.

Жыйында парламент депутаттарын шайлоо тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан. Анда Сыдыков өзүнүн өзгөчө сунуштарын айтып жетишти.

"Артка жол жок окшойт, ушул мыйзамды кабыл алышыбыз керек экен. Мен ушундай эле түшүндүм. Бирок ошону дурусураак кылып кабыл алсак. Партиялык системаны ушуну менен оомийин кылсак болот... Мен биринчиден шайлоочулардын санын көбөйтүш үчүн мыйзамга 3 күн добуш берүүнү киргизүүнү сунуштайм. Базар күндөрү кыргыздын тою, базары чыгып кетип калат...

Экинчиси, эмне кылабыз өзүбүздү, БШКны кыйнап, 30 окуруг кылып, аймак-аймакка бөлүпчү? Келгиле анда өлкө боюнча бир эле окуруг кылалы. Каалаган жерден добуш беришсин. Мына ушунчалык эле демократия кылгыбыз келип жатабы, бир мандаттуу окуругду каалап жатсак... Ушунчалык эле партиялык система жакпай жатса, анда мына бир эле окуруг кылалы да, мыктылары келсин... Ошондо силердин бир окургдан бир талапкерге эле добуш деген нормаңарда сакталат", - деди ал.

Айта кетсек, талкуу учурунда мыйзамдагы бир окуругдан бир эле талапкерге добуш берүү нормасын сындагандар болду. Мындан тышкары окуругдардан шайланып келген депутаттар аймактын гана маселесин көтөрүп, парламенттин деңгээлин түшүрөт деген кооптонуулар да айтылды.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору 17-февралда коомдук талкууга чыккан болчу. Анда өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык тутум менен анын ар биринен көп добуш алган үч талапкер, жалпы 90 талапкер Жогорку Кеңешке шайланары белгиленген. Ошондой эле мыйзамда аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүү каралган. Депутаттык мандатка ат салышкан талапкерлердин добуштары бирдей болуп калган учурда каттоо үчүн документтерин эрте берген талапкер жеңүүчү деп таанылат.

Мыйзамда талапкер саясий партиянын тизмеси же жеке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катыша алары көрсөтүлгөн. Талапкер 25 жашка чыккан болушу керек жана жогорку билими бар, акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган кыргыз жараны болуусу шарт. Ал эми депутаттын орду бошогондо кайра шайлоо өткөрүлбөстөн, ошол округдан добуш боюнча кийинки орунду алган талапкерге мандат берилет. Аялдын ордуна аял гана келет.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана эл өкүлдөрү Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Төлөнов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев демилгелеген документ "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт.

Бүгүнкү күндө өлкөдө аралаш шайлоо тутуму колдонулат. 2020-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына келген 90 депутаттын 54ү пропорционалдуу тутум менен партиялык тизме аркылуу, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланышкан.

Жогорку Кеңеш 20.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан