Депутат Самаков эт азыктарын сыртка чыгарууга тыюу салууну сунуштады 

Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында азык-түлүк коопсуздугу тууралуу маселе каралып, анда депутат Кубанычбек Самаков эттин баасы кымбат болуп жатканын билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, өлкөдөн сыртка чыгып жаткан эт азыктарына убактылуу тыюу салуу менен базардагы бааларды арзандатууга мүмкүн.

"Учурда эттин баасы 600-700 сомду түзүүдө. Жөн эле базарларды уюштуруп коюу эч кандай эттин баасынын ылдыйлашына таасир этпейт. Кыргызстандан башка өлкөгө кетип жаткан экспортко чектөөнү күчөтпөй туруп, базардагы бааны түшүрүү мүмкүн эмес. Жок дегенде мезгил-мезгили менен сыртка чыгарууга бөгөт коюу керек. Базардагы эттин баасын түшүрүүнүн эң оңой жолу ошол.

Мына, Айыл чарба министрлиги жыл сайын миңдеген тоннаны сыртка чыгарып жиберет экенсиңер. Ошондон улам баа көтөрүлүп жатат. Муну карап чыгып, сыртка чыгарбоонун жолун издеп көрсөңүздөр. Элде азыр Орозо айында эт эмес, картөшкө жебеген үй-бүлөлөр бар. Эгер азыртадан аракет кылбасаңар, эттин баасы 1000 сомго жетет", - деди депутат.

Депутат Самаков эт азыктарын сыртка чыгарууга тыюу салууну сунуштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан