Таластагы айыл чарба жерлерин мыйзамсыз трансформациялоого шектелип Токмок шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат Бакай-Ата районунда 2009-2024-жылдар аралыгында айыл чарба багытындагы жалпы аянты 95,9 гектар болгон 163 жер тилкелерин жеке менчикке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берүү иштери жүргүзүлгөндүгүн аныктаган.
Тергөөдөн соң буга тиешеси бар делип Токмок шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Ш.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. УКМК ал ошол жылдары Бакай-Ата шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы болуп иштегенин белгиледи.
Учурда аталган кылмыштуу ишке тиешеси бар башка адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча иштер уланууда.