Баткен районунун Жаңы-Жер айылында жалпы аянты 15,9 гектар болгон жер тилкелери кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалымдалгандай, атайын кызмат аталган жер 2020-жылы мыйзамсыз түрдө муниципалдык менчиктин балансынан чыгарылып, 4 адамга берилип кеткенин аныктаган. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жер тилкелердин учурдагы менчик ээлери өз ыктыяры менен жер аянттарын Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп беришкен.
УКМК мурда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилген мамлекеттик объекттерди кайтаруу боюнча иштер улантылып жатканын кошумчалады.