Биз социалдык тармакта

Кыргыз футболчулары Өзбекстанга жеңилип калды

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында коңшу Өзбекстан курамасы менен кез келип, жеңилүү ызасын тартты.

Оюн кечээ, 20-мартта Ташкенттеги "Бунёдкор" стадионунда өтүп, 1:0 эсебинде үй ээлеринин пайдасына аяктады. Беттештеги жалгыз голду 40-мүнөттө Хожиакбар Алижонов киргизди.

Муну менен Өзбекстан курамасы кезектеги 3 упайды алып, Дүйнө чемпиондугуна чыгууга дагы бир кадам жакындады.

Кыргыз курамасы кийинки оюнун 25-мартта Бишкекте Катарга каршы өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан