Кыргызстандын альпинизм жана аскага чыгуу Федерациясынын президенти жана муну менен катар “Бакай Банктын” амбассадору Эдуард Кубатов дүйнөдөгү сегиз миңдик эки чокуну багындырат.
“Альпинизм” — спорттун өтө кымбатка турган жана жөнөкөй эмес түрү. Ага ири каржылык жана материалдык салым керек, ошол себептен спорттун бул түрү өнөктөштүктү талап кылат.
“Бакай Банктын” колдоосу болбогондо Макалу, Денари, Ама-Даблам жана башка сегиз миңдик чокуларды багындырууга мүмкүн болмок эмес. Аннапурна жана К2 — булар “Бакай Банктын” долбоорлору”,- деп белгиледи Эдуард Кубатов.
“Бакай Банк” бизнести гана эмес, элди өнүгүүгө, ар кандай чектерден ашып өтүүгө жана жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырган адамдарды, дымактуу чоң долбоорлорду дагы колдоп келет. Бир нече жылдан бери банк кыргыз альпинизминин долбоорлоруна да өз салымын кошууда.
Маалымат жыйында Эдуард Кубатов альпинизмдин тарыхында биринчилерден болуп Жер шарындагы эң бийик чоку — Эверестти багындыруу үчүн кыргыз айымы Асель Байбагышева жана Кадыр Сейдилкан чыгып жатышканын жарыялады. Спортчулар Непал тараптан экспедицияны баштоо үчүн 14-апрелде Катмандуга учуп кетет.
20-мартта Эдуард Кубатов деңиз деңгээлинен 8 миң 91 метр бийиктикте турган Аннапурна чокусун багындыруу үчүн Гималайга учууну пландоодо. Ал эми июнь айында Пакистанда деңиз деңгээлинен 8 миң 611 метр бийиктикте жайгашкан К2 чокусун багындырайын деп жатат. Бул экспедициясын ал кыргыз спортунун 100 жылдыгына жана каза болгон кыргыз альпинисттерине арноону чечти.
“Аннапурна” — өтө татаал, кар көчкү коркунучу абдан жогору тоо. Альпинисттер арасында өлүм коркунучу 22-25 пайыз. Мен бул тоону улам артка жылдырып келдим. Ал менин жашоомдо багындыргандардын 14-чокусу болот деп ойлочумун. Бирок тагдыр мени ал тоого азыр алып бара жатат. Коркоктук биздин жашоону эч качан багындырбашы керек. Ошондуктан мен бул чокуга ыраазычылык менен жана чын жүрөктөн аттанып жатам”, - деди Кубатов.
“Бакай Банктын” Маркетинг департаментинин директору Айдай Мокушева альпинисттин алдыдагы татаал экспедициясына ийгилик каалады:
“Биз Асель сыяктуу кыргыз аялдарына ишеним жана дем берген айымдарыбыз менен, ошондой эле, мүмкүнчүлүктөрдө эч кандай чек болбосун улам сайын далилдеген инсан Эдуард Кубатов менен өнөктөш болгонубузга сыймыктанабыз. Анын жаңы пландары эрдикке чакырык таштоо болуп саналат жана бардыгыбызга дем берет. Спорт, экстрим, саякат — мунун баары чечкиндүүлүктү, эрдикти жана жеңишке умтулууну талап кылган нерселер. Биз Эдуард Кубатовдун дагы бир жолу эрдик жаратарына ишенебиз жана ушул тарыхтын бир бөлүгү болуп жатканыбызга кубанычтабыз. “Бакай Банк” күчтүү, чечкиндүү жана эр жүрөк адамдардын банкы. Сизге ийгиликтер болсун!”, - деп билдирди Айдай Мокушова.