Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, Нооруз улуттук майрамы Т.Усубалиев атындагы аянтта белгиленет. Майрамдык программалар саат 10:00дөн 19:00гө чейин болот.
Иш-чаралар "Кел, куттуу Ноорузум" аттуу театралдаштырылган пролог менен башталып, көрүүчүлөр жаратылыштын ойгонушун жана кыш мезгилинен жазга өтүүнү символдоштурган түркүн түстүү бий номерлерин жана фольклордук аткарууларды көрө алышат.
Күнү бою аянтта прикладдык искусствонун көргөзмөлөрү, спорттун улуттук түрлөрү боюнча оюндар, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт болот. Каалоочулардын баары орнотулган “Ордо (Кыргыз айылы)” боз үйлөрүнө баруу менен кыргыз элинин каада-салты менен тааныша алышат.
Ал эми Бишкектин төрт районунда дагы төмөнкү иш-чаралар орун алат:
Биринчи май районунда:
Жаштар сейил багында, Кут конушунда майрамдын урматына көргөзмөлөр, концерттер, спорттук мелдештер жана жалпы элдик майрамдык иш-чаралар уюштурулат.
Ленин району боюнча:
«Чүкө» эс алуу борборунда, «Люкс» паркында, «Чоң-Арык» жана Киргизия-2 конуштарынын маданий борборлорунда Нооруздун урматына майрамдык салтанаттар өткөрүлөт. Иш-чаранын алкагында сүмөлөк улуттук тамак-ашын уюштуруу, концерттик программа жана улуттук спорт оюндары өтөт.
Свердлов районунда:
Арбат аллеясында Чыгыш-5 кичи районунда кийиз, чий-токуу, карапа жана башка улуттук кол өнөрчүлүктүн түрлөрү боюнча бардыгына акысыз мастер-класстар уюштурат. Ошондой эле мольберттин жана комуздун көргөзмөсү №18, №19, №21, Лебединовка, Төмөнкү Ала-Арча МАБдарында боз үй тигилип, таттуулар уюштурулуп, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү, улуттук спорттук мелдештер, ошондой эле улуттук даамдардын жарманкеси өткөрүлөт.
Октябрь районунда:
"Ынтымак" сейил багында боз үй тигилип, дасторкон, улуттук спорттук мелдештер жана мастер-класстар менен коштолгон майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. “Шайыр балалык”, “NARK ART HOUSE” балдардын чыгармачылык борборлору жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт өтөт. Ошондой эле майрамдын урматына Көк-Жар муниципалдык аймактык башкармалыгында балдар үчүн спорттук оюндар уюштурулуп, жалпы элдик майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.