Тышкы иштер министрлиги Түркияда болуп жаткан нааразычылык акцияларына байланыштуу ал жакта жүргөн кыргызстандыктарды этият болууга жана адамдар көп чогулган жерлерден алыс болууга чакырды. Бул тууралуу ведоствонун маалыматында кабарланат.
"Коопсуздукту камсыз кылуу максатында жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так сактоону жана эч кандай массалык иш-чараларга катышпоону өтүнөбүз", - деп айтылат анда.
Ага ылайык, өзгөчө кырдаал жаралган учурда төмөнкү байланыш номерлери аркылуу Кыргыз өлкөсүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кайрылса болот:
Айта кетсек, 19-мартта Стамбулда жана Түркиянын башка шаарларында Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдогандын алдыдагы президенттик шайлоодогу негизги атаандашы деп эсептелген шаардын оппозициячыл мэри Экрем Имамоглунун кармалышына нааразылык иретинде массалык демонстрациялар болгон.