Пневмониядан дарыланып ооруканада жаткан Рим папасы Францисктин абалы жакшырып, жумушка чыкты. Бул туурасында Ватиканга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 88 жаштагы Францисктин ден соолугу жакшырып, атайын каражаттарсыз дем ала баштаган.
"Папанын абалы жакшырууда. Ал жасалма жол менен дем алдыргыч аппаратты токтотуп, жогорку агымдагы кычкылтек терапиясына болгон муктаждыгы дагы азайды", - деп жазылган маалыматта.
Белгилей кетсек, Рим папасы 14-февралда бронхит менен ооруканага жаткырылып, бирок кийинчерээк ага кош пневмония деген диагноз коюлган. 1-мартта аны жасалма дем алдыруучу аппаратка кошуп, бир күндөн кийин абалы жакшыргандыгы айтылган.
Ал эми Рим папасынын өкүлү Жанфранко Раваси Франциск ооруканага жаткырылгандан бир жума өткөндөн кийин “эгер ал милдеттерин аткарууда кыйынчылыкка учураса, тактыдан баш тарта алат” деп билдирген.