Нооруз майрамы расмий түрдө түрк элдеринде белгиленет. Алардын ичинде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан жана башка өлкөлөр бар.
Аталган өлкөлөрдүн ичинен Нооруз майрамына карата эң узак дем алыш күндөрү Тажикстанда болот. Тажикстандыктар 21-марттан 26-мартка чейин алты күн эс алышат.
Ал эми Азербайжан менен Казакстанда беш күндүк эс алуу, тактап айтканда, азербайжандыктар үчүн 20-марттан 24-мартка чейин жумуш күндөрү эмес, Казакстанда 21инен 25-мартка чейин эс алуу күнү деп жарыяланган.
Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары үчүн 3 күн гана 21-марттан 23-мартка чейин эс алуу күнү деп белгиленген.