"Бишкек шаардык транспорту" муниципалдык ишканасы ата-энелерден коомдук транспортко түшүүдө баланы колго алып, колясканы бүктөп кирүүнү суранды. Бул туурасында мекеме социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.
"Урматтуу ата-энелер, сиздерден коомдук транспортко түшүүдө балаңызды колго алып, колясканы бүктөп кирүүңүздү суранабыз. Бул башка жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзөт.
Эгерде колясканы бүктөө мүмкүн эмес болсо, анда ал үчүн да жол акы төлөө зарыл экенин эске алыңыз", - деп жазылат маалыматта.