Америкалык абройлуу инсайдер жана журналист Ариэл Хелвани UFC уюму 2025-жылдын июнь айында Азербайжанда биринчи турнирди өткөрүү боюнча келишимге жакындап калганын билдирди.
Учурда уюм сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Тараптар турнирди өткөрүү боюнча келишим түзүүгө аз калды.
Эске сала кетсек, UFC турнири мурунку СССР өлкөлөрүнүн аймагында акыркы жолу 2019-жылы ноябрь айында Москвада өткөн. Ал турнирдин негизги беттешинде орусиялык Забит Магомедшарипов менен америкалык мушкер Келвин Каттар кез келип, калыстардын чечими менен орусиялык мушкер жеңишке жеткен.