Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап жатып, 12 жылдык билим берүүгө да токтолду.
Өлкө башчы билим берүүдөгү бул тутумдун артыкчылыктары көп экенин белгиледи.
"Азыр коомубузда сөз болуп жаткан 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктарына учкай токтоло кетейин. Артка кылчайып, тарыхка көз чаптырсак, 3 жылдык, 8 жылдык, 10 жылдык жана 11 жылдык билим берүү системаларын башыбыздан өткөргөнбүз. Азыр болсо дүйнө тынымсыз, күн сайын өзгөрүү жолунда. Дүйнө жүзүндө өнүккөн 150дөн ашуун өлкөдө заман талабына ылайык, 12 жылдык билим берүү системасы аркылуу окутуунун мазмуну, билим берүүнүн ыкмалары өзгөрдү. Мурдагыдай түшүнсө-түшүнбөсө дагы эрежелерди жаттоону таштап, алып жаткан билиминин турмушта пайдаланууга, кесипке эрте багыт берүүгө басым жасалууда.
Дагы бир топ өзгөчөлүктөрү менен 12 жылдык окуу системасы алгылыктуу деп табылып, ийгиликтерди жаратууда. Мындай шартта биз дүйнө баскан жолго багыт алышыбыз керек деп эсептейм. Алгач анын күнгөй-тескейлерин талкуулап, максат-милдеттерин аныктап алдык, тиешелүү жоболору бекитилди. Ошентип биз дүйнө агымынан калбоого далалат кылып жатабыз. Ансыз деле технологиялык жактан 100 жыл артта калдык. Көйгөй жарата турган маселелерин четинен чечип келе жатабыз, бул иштерди да ыкчамдатабыз.
Биз билим берүү тармагына материалдык, моралдык-идеологиялык колдоо канча керек болсо, ошончо колдошубуз зарыл. Анткени билим андан алда канча ашык ийгиликтерге жеткирерин баарыбыз билебиз. Билим берүүнү жолго коймоюнча, башка тармактардын ыкчамдап өнүгүшү кыйын деп так кесе айта алам!" - деди Жапаров.