Кечээ, 20-мартта Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Ташкентте Өзбекстан менен конокто ойноп, 1:0 эсебинде жеңилген.
Бул оюндан кийин эле кыргызстандыктар эле эмес, коңшу өзбекстандык күйөрмандар дагы "Ак шумкарлардын" дарбазачысы Эржан Токотаевдин оюнун жогору баалашты. Бул оюнда Токотаев 8 сейв жасап, 1 пенальтинин мизин кайтарган.
Ошондой эле Токотаев Кыргызстан курамасынан беттештин мыкты оюнчусу болду.
"Кыргызстандын дарбазачысы эми Шомуродовдун түшүнө кирет";
"Кыргызстандын дарбазачысы абдан күчтүү экен";
"Токотаев ракета экен";
"Биз бир эле дарбазачыга каршы ойногондой болдук" деген пикирлерин жазышты өзбек футбол күйөрмандары.