Быйыл жалпысынан өлкө боюнча 128 ишкана ишке киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта президент Садыр Жапаров Ош шаарынан кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап жатып билдирди.
Өлкө башчысы алардын айрымдарын атап өттү.
"2025-жылы өлкөбүздө бир катар маанилүү стратегиялык объектилер ишке кирет. Алардын ичинде өлкөбүздү экологиялык жактан таза энергия менен камсыз кылууга чоң салым кошо турган Жалал-Абад, Ош жана Нарын облустарында курулуп жаткан жаңы ГЭСтер бар. Ош облусунда текстиль өнүмдөрүн өндүрүүчү фабрика ишке кирип, жүздөгөн жаңы жумуш орундары түзүлөт.
Ал эми Чүй облусунда жаңы логистикалык борборлордун курулушу башталып, соода жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейет. Өлкө аймактарында курулуш материалдарын чыгаруучу ишканаларды ачабыз. Борборубуз Бишкекте заманбап унаа бекет жана "Ош базары" ачылып, жүргүнчүлөр жана соода кылуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт", - деди Жапаров.