Баткен шаарындагы Нооруз майрамына арналган майрамдык маданий иш-чаралар көргөзмө-жарманке менен башталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта SUPER.KG медиа порталына облустук өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан билдиришти.
Анда айтылгандай, жергиликтүү жетекчилер кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак-аш көргөзмөсүн көрүп чыгышты. Андан соң майрамдын урматына даярдалган сүмөлөктөн ооз тийип, элибизге аманчылык, жергебизге тынчтык тилеген апалар бата беришти.
Баткен элин Өзбекстандын Сох районунан келген коноктор да жаз майрамы менен куттуктап, эки элге ынтымак каалашты. Бул күнү аймактын элине маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программалар тартууланууда.
Спорт сүйүүчүлөрү үчүн спорттун беш түрү боюнча мелдештер өтүүдө.