Трамп АКШнын Билим берүү министрлигин жабуу боюнча жарлыкка кол койду

АКШнын президенти Дональд Трамп билим берүү министри Линда Макмахонго агенттикти жоюу жана анын билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктарын мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтерге өткөрүп берүү үчүн бардык чараларды көрүүнү тапшырды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, бул тапшырма президенттин кол койгон жарлыгынын алкагында берилген.

Министрликтин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүдө билим берүү программаларынын үзгүлтүксүз иштеши, кызмат көрсөтүүлөр жана жеңилдиктер камсыз кылынууга тийиш.

АКШнын Билим берүү министрлиги, мугалимдердин жана мектеп окуучуларынын укуктарын сактоого, аялуу топторго колдоо көрсөтүүгө жооптуу, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам берүүгө багытталган билим берүү программаларын кошо алганда, федералдык гранттарды бөлүштүрөт.

Трамп белгилегендей, министрлик салыштырмалуу жакында — 1979-жылы АКШнын 39-президенти Жимми Картердин демилгеси менен түзүлгөн. Анын пикиринде, министрликти жоюу билим берүү программаларынын эффективдүүлүгүн жогорулатат. Президент ошондой эле америкалыктардын окуу жана математика боюнча упайлары тарыхый эң төмөнкү деңгээлге түшүп бара жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан