Евробиримдик Украина боюнча масштабдуу жыйын өткөрүүнү пландоодо

Франциянын президенти Эммануэль Макрон 27-мартта Украинадагы кырдаалды жана Европадагы коопсуздукту талкуулоо үчүн европалык лидерлердин тобун чогултууну пландап жатат. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Еврокеңештин жыйынынан чыгып бараткан Эммануэль Макрон басылмаларга келерки аптада “каалагандардын коалициясы” жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен саммит болорун бышыктады.

Саммит Украина Европа жана НАТО лидерлеринин февраль жана март айларындагы жолугушууларынын уландысы экендиги айтылган.

Бул ирет онлайн жыйынга кошулгандар келип, маштабдуу жыйын боло тургандыгы маалыматта кошумчаланган.

Белгилей кетсек, 24-мартта АКШнын өкмөт өкүлдөрү Москва жана Киев дипломаттары менен Сауд Арабиясында жолугуп, ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан