Легендарлуу Олимпиада чемпиону каза болду

Бокс боюнча Олимпиада чемпиону жана дүйнөнүн абсолюттук чемпиону, америкалык мушкер Жорж Форман 76 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, легендарлуу мушкер кечээ, 21-мартта жакындарынын көз алдында бул дүйнө менен кош айтышкан. Анын эмне себептен каза болгондугу айтылган жок.

30-октябрь 1974-жылы Жорж Форман мушкер Мухаммед Али менен беттешкен. Бул беттеш "Жунглидеги дүрбөлөң" деген ат менен атактуу болгон. Анткени бокстун титулдук беттеши тарыхта биринчи жолу Африка континентинде, Заирде өткөн (азыркы Конго Демократиялык Республикасы). Африканын катуу ысыгында мушкерлер 60 миңден ашык күйөрмандардын алдында эки чемпиондук наам үчүн беттешип, Мухаммед Али жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан