Бишкек шаарында милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген жигиттер кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, окуя кечээ, 21-март саат 19:00дө Суванбердиев жана Беларус көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда белгисиз жаран МККК Полкунун кызматкеринин кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кол көтөрүп, денесине залал келтирилген.
"Билдирменин негизинде тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси ( бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголгон. Бардык керектүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде, юридикалык баа берилет. Окуя боюнча, 1996-жылы туулган С.Н. аттуу шектүү тергөө кызматына жеткирлип, андан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ал эми, окуянын экинчи катышуучусу 2006-жылы туулган С.Б. аттуу жаранга карата Укук бузуулар кодекстин 188-беренесинин (транспорт каражаттарын айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) негизинде административдик чаралар көрүлүп, протокол түзүлдү", - деп билдиришти милициядан.