Бишкекте адам уурдап, тоноого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлдады.
Милициянын маалыматына ылайык, 20-март күнү милицияга Ш.Л. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал белгисиз адамдар ошол эле күнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында өзүнүн эле автоунаасына күч колдонуп алып чыгып башка унап менен белгисиз тарапка алып кетишип,ал жактан денесине жаракат келтирип, уюлдук телефонун жана 60 миң сом акча каражатын алышып, андан кийин, колун скотч менен ороп талаага таштап, белгисиз тарапка качып кетишкенин билдирген.
Аталган факт боюнча Бишкек кылмыш-жаза Кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2004-жылы туулган Ж.Ж., 2003-жылы туулган А. А. жана 2006-жылы туулган М. А. аттуу шектүүлөр аныкталып, кармалган.
"Белгилей кетсек, арыз ээси видеодо кызды зордуктаганга аракет жасагам деген билдирүүсүн, шектүүлөр тарабынан кысым көрсөтүлүп, өлүм коркунучу астында тургандыгынан айтылганын билдирген. Шектүүлөр, мындай жол менен кылмыштуу аракеттерин жашыргысы келген.
Тергөө иштери улантылууда", - деп билдиришти Бишкек ШИИБден.