Орусияда "Попкорн оорусу" расмий түрдөгү аталышы EVALI илдети жайылып жатат. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, аталган оорунун алгачкы учурларынын бири Томск облусундагы өспүрүмдөн аныкталган. Анда бала узак убакыт бою өзүн жаман сезген, бирок дарыгерлер бейтапка диагноз коё алышкан эмес. Илдеттин негизги коркунучу майыптыкка, алтургай өлүмгө дагы алып келиши мүмкүн экенин дарыгерлер айтышкан.
"Бала бир ай бою негизсиз башы ооруп, алсыздыгы болгон. Анын кан басымы мезгил-мезгили менен көтөрүлүп тургандыктан окуусун токтотуп, комплекстүү текшерүү башталган", - деген оору жуктурган баланын атасы жергиликтүү басылмалардын бирине.
Ал эми дарыгердин айтымына караганда, учурда аталган ооруну айыктыруунун жолу жок.
"Бүгүнкү күндө илдеттин бул түрүн медицинада натыйжалуу дарылоо жок. Оору электрондук тамекиге колдонгон жыпар жыттуу заттар менен шартталган. Аны тамак-аш менен бирге колдонсо коопсуз, бирок үзгүлтүксүз аны дем алганда өпкө оорулары пайда болушу мүмкүн", - деген ал.
Бул оорудан биринчи өлүм 2019-жылы АКШда катталган, ал эми 2021-жылы июнь айында Москвада өспүрүмдөн аныкталган.