
ӨКМдин 24-мартка карата маалыматына ылайык, өлкө аймактарында соңку суткада 30 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 30 күжүрмөн эсеп тартылды.
Айтылгандай, Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгон.
"Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 4, Чүй облусунда 9, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 7, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 4 өрт кырсыгы болду", - деп жазылат билдирүүдө.
ӨКМ кыргызстандыктарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.