ӨКМ ашууларда кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскертти 

Өлкөдө күтүлүп жаткан аба ырайына байланыштуу ашууларда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-марттан 26-мартка чейин күтүлгөн жаан-чачындан улам тоолуу райондордо кар күрткү жана кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Ошону менен катар жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Төмөнкү унаа жолдордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт:

Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 85-87-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 1-2-чакырымдарында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан