УКМК Бишкекте №159 бала бакчанын имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылганын бүгүн, 24-мартта кабарлады.
Атайын кызмат тактагандай, калаанын Коммунаров көчөсү, 93 дарегинде жайгашкан аянты 0,8 гектар болгон №159 балдар бакчасынын имаратын менчикке мыйзамсыз чыгаруу фактылары аныкталган.
"1993-жылы Мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү мезгилинде "Уста" ААКсынын балансында турган бала бакча менчикке мыйзамсыз чыгарылып кеткендиги такталган. Ошол эле учурда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган мүлктүн ээси Ю.Ш.А. мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, ыктыярдуу түрдө №159 бала бакчанын имаратын жер тилкеси менен кошо мамлекетке өткөрүп берген", - деп жазылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө бул объект Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, Бишкекте эле жыл башынан бери 6 бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылып, мындан ары Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүлүп берилет.