Казакстандын "Air Astana" авиакомпаниясынын учагы Азербейжандагы Баку шаарындагы эл аралык Гейдар Алиев аэропортуна шашылыш конду. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта казак басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, учактын авариялык конуусуна анын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн биринин ден соолугунун кескин начарлашы себеп болгон.
Аталган жүргүнчүгө Бакуда дароо медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң "Тез жардам" бригадасына өткөрүлүп берилип, шаардык ооруканалардын бирине жеткирилген.
Ал эми калган жүргүнчүлөр мейманканага жайгаштырылганы маалым болду.