Түштүк Кореянын премьер-министри Хан Док Су Конституциялык сотко анын кызмат ордуна жана ыйгарым укуктарын калыбына келтиргени үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу премьер-министрдин кеңсесине таянып чет элдик басылмалар жазышты.
Буга чейин Конституциялык сот өлкөнүн премьер-министри Хан Док Суну кызматына кайра кайтаруу боюнча чечим чыгарган эле.
"Бүгүн эртең менен мен Конституциялык соттун чечимине ылайык өзүмдүн милдетиме кайтып келдим. Конституциялык соттун чечими үчүн ыраазычылык билдирем", - деген ал.
Белгилей кетсек, буга чейин ал 2024-жылы импичмент жарыяланган мурдагы мамлекет башчысы Юн Сок Ёлдон милдетин аткарып келе жаткан. 2024-жылдын декабрь айында Түштүк Кореянын парламенти президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Хан Док Суга импичмент жарыялаган.