Өзгөн районунда өспүрүмдөр менен сексуалдык аракеттерге барган деген шек менен 23 жана 32 жаштагы жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 15 жана 14 жаштагы кыздар 17-март күнү Төрт-Көл айыл аймагында балдар менен жыныстык катнашта болгон деген маалымат түшкөн. Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Кыздарга карата тийиштүү экспертиза дайындалган.
Чогултулган материалдын Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен кылмыш иши козголуп, шектүү делгендер камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.