АКШ менен Украинанын өкүлдөрү Сауд Арабияда жолугушту 

АКШ менен Украинанын өкүлдөрү Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияд шаарында жолугушуу өткөрүп, Украинадагы ок атышууну токтотуунун шарттары боюнча сүйлөшүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу беш саатка созулуп, бир нече маселелер талкууланган.

"Американын делегациясы менен жолугушуубузду аяктадык. Талкуу жемиштүү жана максаттуу болду. Биз негизги маселелерди, анын ичинде энергетиканы козгодук", - деп жазган Украинанын коргоо министри Рустем Умеров Х социалдык тармактагы баракчасына.

Бирок азырынча сүйлөшүү тууралуу так маалымат бериле элек.

Эскерте кетсек, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия жана Украинанын лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан