Пара талап кылууга шектелип кармалган Чүйдүн Аламүдүн районунун прокурору С.Ж. 18-майга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан бүгүн, 24-мартта билдиришти.
Маалыматка ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөө тобунун жетекчиси келтирген. Сот өтүнүчтү 20-мартта канааттандырган.
Ага ылайык, С.Ж. Бишкек гарнизонунун гауптвахтасында 18-майга чейин камакта калтырылды.
Айта кетсек, прокурор 20-мартта пара талап кылууга шектелип кармалганы маалымдалган.