Адылбек Касымалиев менен Беларустун өкмөт башчысы телефондо сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларустун премьер-министри Александр Турчин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 24-мартта билдирди.

Анын жүрүшүндө Касымалиев Александр Турчинди премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады. МинКаб төрагасы эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери боюнча тыгыз жана жемиштүү иштөөгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар 2025-2027-жылдарга карата Кыргызстан менен Беларутун ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча кол коюлган иш-чаралар планын (“Жол картасы”) тууралуу да пикир алышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле алдыдагы мезгилге пландаштырылган иш-чараларды талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан