Стамбулдун камакка алынган мэри Экрем Имамоглу расмий түрдө Түркиянын президенттигине талапкер болду

Түркиянын оппозициядагы Республикалык элдик партиясы 23-мартта Стамбулдун камактагы мэри Экрем Имамоглуну президенттикке талапкер катары көрсөттү. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, партиянын ички шайлоосуна 15 миллион түрк жараны катышты. Бул өлкөдөгү бардык катталган шайлоочулардын дээрлик төрттөн бирин түзө тургандыгы маалыматта айтылган. Алардын 13,2 миллиону жалгыз талапкер болгон Имамоглуну колдошкон.

Оппозициячыл партиянын төрагасы Өзгүр Өзел Түркиянын азыркы президенти Режеп Тайып Эрдоганды мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алууга жана шайлоодо Экрем Имамоглу менен атаандашууга чакырды. Ошол эле күнү оппозициянын он миңдеген тарапкерлери Стамбулдун мэриясынын алдына чогулуп, Эрдогандын атаандашы саясий куугунтукка кабылып жаткандыгын айтып чыгышкан.

Белгилей кетсек, Стамбул шаарынын башчысы Экрем Имамоглу 19-мартта кармалган. Ал коррупцияга айыпталып, төрт күнгө камакка алынган. Анын кармалышына нааразылык иретинде массалык демонстрациялар башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан