Дүйнөдө кургак учукка каршы жаңы вакцина иштелип чыгышы мүмкүн

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан кургак учукка каршы жаңы вакцина иштелип чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта өткөн брифингде Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдулат Кадыров билдирди.

"Бизде амбициялуу пландар бар. Ал үчүн бүгүнкү күндө алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо багытында жаңы инновациялык ыкмалар иштелип чыккан. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул жылы же келерки жылы жаңы вакцина боюнча убада берип жатат. Ал кургак учуктан 70-80 пайыз сактай алат. Ал эми БЦЖ. Эгер бала БЦЖ алса, ал кургак учук менен оорубайт деген кепилдик жок. Ал кургак учук менен ооруп калышы ыктымал, бирок жеңил түрү менен", - дейт ал.

Маалымат үчүн: Бүгүн, 24-март – Кургак учукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул күн Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чечимине ылайык белгиленип келет. Айтылуу немис микробиологу Роберт Кох 1882-жылдын 24-март күнү кургак учук дартын тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан