
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп
Ализа Солтонбекова дайындалды. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Айта кетсек, 2022-жылдан тарта Солтонбекова Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин директору болуп эмгектенип келген. Ал 2020-жылы эмгек министри да болуп эмгектенген.