
Ош облусунун Алай районунда окуучулардын чырынан улам бир өспүрүм денесинен жараат алып, ооруканага түштү. Бул туурасында Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 21-мартта милицияга 2008-жылы туулган Ф.А. аттуу жаран денесинен жараат алып, аймактык ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, тийиштүү экспертиза дайындалган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Натыйжада кылмышка шектүү катары 2009-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Райондук сот 22-мартта шектүүнү үй камагына чыгарган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.