Кызыл-Кыя шаарында мурда соттолгон жаран социалдык тармакта диний-экстремисттик уюмдун материалдарын таратууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, таратылган материалдар чогултулуп, тийиштүү экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен материалдар өлкө аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Өзбекстан ислам кыймылы" диний-экстремисттик жана террористтик уюмуна таандык экендиги аныкталган.
Жогорудагылардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголуп, шектүү делген 30 жаштагы жаран кармалган. Учурда тергөө иштери уланууда. Облустук милиция ал мурда да ушул сыяктуу факты менен кылмыш жоопкерчилигине тартылганын кошумчалады.