Стамбулда нааразычылык акциясына катышкан 43 жаран кармалды 

Стамбулда полиция 25-мартка караган түнү нааразычылык акциясына катышкан 43 жаранды кармады. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая X социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Биздин полиция 43 чагымчыл жаранды камакка алды, калгандарын издөө иштери жүрүп жатат", - деп жазган ал.

Ошондой эле Али Ерликая 19-марттан бери полиция мыйзамсыз нааразылык акцияларына катышкан 1000ден ашуун адам кармалганын жана 123 полиция кызматкери жаракат алганын билдирди.

Белгилей кетсек, Стамбул шаарынын башчысы Экрем Имамоглу 19-мартта кармалган. Ал коррупцияга айыпталып, төрт күнгө камакка алынган. Анын кармалышына байланыштуу нааразылык иретинде массалык демонстрациялар башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан