Бишкек милициясы бүгүнкү футбол көрүүчүлөрүнө кайрылуу кылды

Кыргызстан менен Катар курама командаларынын футбол оюнунда коомдук тартипти 3 миңге жакын милиция кызматкери көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдирди.

Ошондой эле шаардык милиция бардык күйөрмандарга оюн башталганга чейин 2 саат эрте келүүнү сунуштайт жана тартип сакчылары тарабынан көрүлүүчү коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууну эскертет. Мындан тышкары трибунага кирүүдө айнек жана пластик идиштерди, пиротехникалык буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынарын белгилейт.

Айта кетсек, беттеш бүгүн, 25-мартта саат 19:45те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат. Эки курама 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү тандоо турунун алкагында оюн өткөрмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан